Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын ИИМнин орун басары Лейлекте жолукту

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 977 | 0

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозим менен Лейлек районундагы Интернациональное айылынын аймаганда жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районундагы айылдарда абалды турукташтыруу, чек арага чектеш айылдарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, учурдагы кырдаал мамлекеттик деңгээлде турукташтырууга багыт алган маалда коомдук тартипти биргелешип сактоо, кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы маселелер талкууга алынды.

Анын жыйынтыгы менен жарандарынын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, абалды оң жолго коюу жаатында бардык маселелерди чечүүнү колго алуу менен бирге абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келишти.

Лейлек районундагы Баткен облусунун жана Согди облусунун күч структураларынын ишмердүүлүгү толугу менен Сүйүн Өмүрзаковдун жана Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозимдин көзөмөлүндө боло тургандыгы белгиленди.

Эки тарап тең тезинен бекем тартип орнотуу, ок атышууларга жол бербөө, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ушул багытта биргеликте тартипти орнотуу маселелери макулдашылды.

Учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы абалды толук турукташтыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM