Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек арада тажиктер куралдан ок атууда (видео)

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 4543 | 0

Баткендин чек арадагы Көк-Таш айылында тажиктер биринчи болуп күтүлбөгөн жерден ок атты. Азыр кыргыздар көчөгө чыкпай, жашырынып жатканын жергиликтүү тургундар “Маралга” билдирип, фото, видео жиберишти.

Эске сала кетсек, чыр-чатак бүгүн эртең менен тирешүүдөн башталып, таш атышууга айланган. Көп өтпөй тажиктер курал колдонгон.

Абалды турукташтыруу үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү аракеттерди көрүп жаткан чакта тажиктер кыргыз аскерине ок атып, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүмүнүн жоокери жаракат алган.


Чек ара: Көк-Таш айылында тажиктер кыргыз жоокерин атты


Алдын ала маалыматта ок аңчылык мылтыктан атылганы айтылат.

Азыр эки тараптуу сүйлөшүү токтотулган. Учурда тараптар чек арадагы өз элинин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Баткендин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу максатында Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси, чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна учуп кеткени кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM