Биз менен байланышыңыз

Добр, Тайбас, Деңиз: «Спортчулардын гимнин жаздык»

Кыргыздарда реп жанрынын баштоочуларынын бири Добр өзү түзгөн “Урпак биримдиги” аттуу балдардан турган тобу менен “Марал шоу” программасында конокто болуп, угармандар сагынган ырларды аткарып, келечектеги пландары тууралуу сөз козгоп берди.

-Саламатсыздарбы Добр, Тайбас жана Дениз?

— Саламатчылык. «Марал» радиосун сагынып калыптырбыз. Көптөн жолуга элек болчубуз. Мына бүгүн жалпы угармандарга жагымдуу маанай тартуулайлы деп келип калган чагыбыз.
-Кандай жаңылык менен келип калдыңыздар?

— Өзүңүздөр билгендей, “Урпак биримдиги” аттуу 5 баладан турган топ түзүлүп, балдар менен биргеликте чыгармачылыктын үстүнөн иштеп жатабыз. Буюрса, бизден жакшы жаңылыктарды күтө аласыздар.

-Элдер кандай кабыл алышууда?

— Топтун түзүлгөнүнө бир жыл болду. Жылыш бар. Көпчүлүк таанып калышты. Ушундай эфирлерге чакыруулар келип, элдин кабыл алуусу жакшы. Жаңы эмгектерибизге жакшы ой-пикирлерин айтып жатышат.

-Тайбас, Дениз атыңыздар өзгөчө экен. Чыгармачылыкка жол кантип башталды?

— Тайбас: Добр байке реп боюнча таймаш баттл уюштурган. Бул отургандар ошондо чогулган беш балабыз. Реп аткаруучулар үчөөбүз жана вокалист эки бала болуп иштешүүдөбүз. Азыр көп ырлар чыгып жатат. Аладын ичинен төрт ырга ийгиликтүү клип тартып алдык. Белгилүү спортчу Канат Келдибековдун гимнин иштеп чыктык. Азыр клиптин үстүнөн иштөөдөбүз. Жети облус биримдиги деп, спортчулардын “Биримдик” аттуу тобу ачылган. Аталган топко да гимн жазып, клип тартуудабыз. Мен көбүнчө спорт, патриоттук темаларга басым жасайм.

Кыргыз репинин азыркы күндөгү деңгээли кандай болуп жатат деп ойлойсуздар?

— Добр: Кыргыз репи өнүгүп жатат. Көптөгөн таланттуу аткаруучулар чыкты. Мен жаңыдан ушул чөйрөгө аралашып баштаганда, тактап айтканда, 2006-жылдары балдар орус тилинде реп айтышчу. Азыр кыргыз тилинде реп айткандар сүйүндүрөт.

-Дениз Турсун, кыргызча жакшы билет экенсиз. Кайсы жерден болосуз?

— Менин улутум түрк. Казакстанда жашачумун. Ал эми кыргыз жергесине келгениме үч жылдын жүзү болуп калды. И. Арабаев атындагы университетте окуйм. Кичинекей кезден бери ырдап жүрөм. Концерттердин биринде Добр байке менен жолугуп, таанышып калдык. Андан соң, дуэт жаздырып, ырдап баштадым.

Кыргыз тили сизди эмнеси менен өзүнө тартып алды?

— Кыргыз тили түрк тилине окшош. Ошол себептүү, мага абдан жеңил болду. Негизи эле, түрк тилдерин өздөштүрүш оңой, мага кыргыз тили абдан жагат.

Copyright © 2017 Maral FM