Биз менен байланышыңыз

Аскат Мусабеков: «Сүйүү- түбөлүктүү тема»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 22 Ноя 2019 | 1076 | 0

Маданияттын мыкты кызматкери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисти, заманыбыздын мукам үндүү ырчысы Аскат Мусабеков “Марал шоу» прораммасында конокто болду.

 

Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

-Жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин. Андан сырткары, концерт, той, жакшылыктарда элге кызмат кылуудамын.

-Концерттин түйшүгү оор экенин билебиз. Концерттен ырчылар үчүн пайдалуубу?

-Өнөр адамы жок дегенде эки жылда бир жолу концерт берип туруусу керек. Бул ырчынан өсүүсүнө түрткү берет. Жылдан-жылга изденип, репертуарга жаңы ырларды киргизгенге шарт түзөт. Чыгармачылыкты бир калыпта кармат турат. Каражат жагынан көп пайда деле алып келбейт. Негизинен, концерт өзүн-өзү актаса эле чоң утуш болот.

-Ашыкча ысырап кылып, эл көзүнө көрүнүш үчүн той берген туурабы, бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

-Албетте, кудай тойдон айрыбасын. Бирок, ысырапчылыкка, атаандаштыкка жол бербеш керек. Бардык нерсе өз чеги менен болсо дейм.

-Поэзияга жакын адам экенсиз. Ырды көркөм окуу идеясы кайдан келген?

-“Сыныктан башкасынын бардыгы жугуштуу болот” деген сөз бар. Алтынбек Кыдыралиев аттуу досум көп жылдан бери радио тармагында эмгектенип келет. Досум экөөбүз студияга кирип, ыр окуп көрдүк. Мындан эки жыл мурунку концертимде ыр окуганыбызда эл абдан жакшы кабыл алган. Ошондон тарта, көркөм окууга кызыгуум артып, ыр окуп, видео жасап, инстаграмга жүктөп баштадым.

-Ырларыңыздын көбү сүйүү темасында экен. Мунун себебин кантип түшүндүрүп бере аласыз?

-Сүйүү — түбөлүктүү тема. Менин үнүм лирикалык обондорго жакын болгондуктан, репертуарымдагы ырладын 95%ы сүйүү темасына байланыштуу. Жаш мезгилде ушул темада ырдап алайын деп турам. Мүмкүн башымдан өткөргөндүрмүн.

Чет жактагы көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып жүрөсүз? Дегеним, чет жерде кыргыздын деңгээли, баркы  канчалык?

Буга чейин чет жерде кыргыздарды көп тааный беришчү эмес. Көчмөндөр оюнунун таасири менен чет элдиктердин көбү Кыргызстан деген өлкөдөн кабардар болуп калды. Кыргыздын жылдызы жана турган учурга аз эле калды деп ойлойм.

-«Маралга» келип кызыктуу маек куруп бергениңизге ыраазычылык билдиребиз. Тилектериңиздин ишке ашышына биз дагы тилектешпиз. Чыгармачылыгыңыз арта берсин.

 

Copyright © 2017 Maral FM