Биз менен байланышыңыз

Бек Исраилов: Жакшы жактан гана хайп болгубуз келет

Кыштын керемет кечинде «Марал шоу» программасынын кезектеги коноктору менен дидарлашып маек куруп, угармандарга, көрүүчүлөргө жандуу ыр сунуу менен жагымдуу маанай тартууладык. Кыргыз шоу бизнесиндеги жылдыздуу түгөйлөр, чыгармачыл үй-бүлөнүн жолун улап, өздөрүнүн чыгармаларын элге тартуулап, күйөрмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан обончу, аткаруучу Жолдошбек Исраилов жана акын Гүлмира Рысбаеванын баласы Бек Исраилов жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аскар Карыбаев жана Чолпон Алсеитованын кызы Айжаркын Карыбаева студиябыздын көркү болуп кетишти.

Марал: Саламатсыздарбы, студиябызга кош келипсиздер!

Бек: Кандайсыздар? Марал радиосунун жалпы жамаатына чоң салам айтабыз. Маанайлар эң сонун, анткени кар жаап жатат.

Марал:-Кыш жагып жатабы? Кандай жаңылыктар болуп жатат сиздер тарапта?

Бек: Быйыл кыш мен үчүн өзгөчөлөнүп жатат. Анткени Жаңы жылды сонун деңгээлде тостук. Чыгармачылык жактан да жакшы жаңылыгыбыз бар. Өзүмдүн жеке ыр жаздыруучу студиямды ачтым.

Айжаркын: Менде да жакшы жаңылык бар. Көптөн бери кийим дүкөнүн ачуу кыялымда бар болчу. Жаш ырчы, кыз-жигиттерге ылайык заманбап кийимдер дүкөнүн иштетип баштадым.

-Марал: Бек мырзага кийимди сиз тандап бересизби?

Айжаркын: Көбүнчө чогуу тандайбыз.

Бек: Менин стилистим-жубайым. Негизи, табити абдан жакшы. Бала кезден тарта батыш ырчыларын образын жактырып, өзүнүн жаратылыштан келген табитин кошкондо, мыкты стилист чыгып калат.

Марал: “Фрунзенин кечтери” аттуу дуэт жаздырдыңыздар. Ырдын жаралуу тарыхына токтолсок…

Бек: Борборубуздун мурунку аталышы Фрунзе болчу. Ата-энелерибизге, улуу муундарга арналган. Ошол убактагы эстен кеткис күндөрүн эстеп алышсын деген максат болду. Бул автордук ыр эмес. Азыркы тил менен айтканда “кавер” чыгарма. Мындан бир жыл мурун жубайым экөөбүз Париж шаарына барганбыз. Ошол жерден биринчи ирет французча вариантын уктук. Бизге абдан жаккандыктан, обонун алып, кыргызча ырдап чыктык. Ушул ыр менен элдин жакшылыктарында кызмат кылабыз. Улуу муундагылар абдан жактырышып, жакшы сөздөрүн айтып жатышат.

Марал: Бир кавер жаратуу үчүн канча убакыт сарпталат?

Айжаркын: Баш-аягы баары даяр болгончо эки күн кетет. Үйдөн отуруп алып эле ырдап, видео жасап инстаграмга салып койсок, көп көрүүчү топтой алат. Атайын студияга барып жаздырып, өзгөчөлөнтүп видео киргизсек, анчалык көрөрмандарды топтой албайт.

-Марал: Хайп үчүн стилди өзгөртүп, элди таң калтырчу нерсе жасайын деген ойдо болду беле?

Бек: Биз колдон келишинче, элдин сыймыктанган уул-кыздары болууга аракет жасайбыз. “Атың чыкпаса, жер өрттө” болуп көрүнгөн иштерди жасоодон алыспыз. Себеби экөөбүздүн тең ата-энебиз кадыр барктуу, эл сыйлаган инсандар. Ошондуктан, алардын бетин жер каратпай, бир гана жакшы жактан хайп болгубуз келет.

Марал: Маегиңиздерге чоң рахмат, кыргыздын үлгүлүү үй-бүлөлөрүнөн болуп жүрө бериңиздер. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Бек: Сиздерге рахмат. Марал радиосу өнүгө бериңиздер. Сиздерди жакшы көрөбүз!

Copyright © 2017 Maral FM