Биз менен байланышыңыз

Мирбек Атабеков: Ырларымды АКШдан жаздырам, тил жагынан жубайым жардам берет

Көңүл ачуу , Марал шоу | 22 Янв 2020 | 2603 | 0

Көп жылдан бери популярдуулугун жоготпой келе жаткан хит ырлардын аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен “Марал шоу” программасында маек курдук.

— Саламатсызбы Мирбек мырза!

-Саламатчылык, көптөн бери эфирлерге келбей сагынып калыптырмын.

— Азыркы учурда эмне менен алектенип жүрөсүз,кандай жаңылыктар менен келип калдыңыз?

-Адам баласы ар дайым изденүүдө болот экен. Мен дагы чыгармачылык чек арамды кеңейтүү максатында жаңы маданият менен таанышып, тажрыйба алмашуунун үстүндөмүн. Учурда Лос-Анжелес менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Албетте, жылдыздарга жетиш кыйын, бирок алардын ырын жазып берип жаткан музыканттар менен байланышып, ырларымды Американын студиясынан жаздырып жатабыз. Алар менен байланыш түзүү оңойго туруп калды. Себеби, интернет айдыңы, анын ичинен Инстаграм аркылуу байланышып турабыз. Тил маселесинен жубайым жардам берип жатат.

Убакыт-жашоодогу — эң маанилүү, эң кымбат нерсе. Мен 33 жашка чыктым. Алдыда чыгармачылыкка иштөө үчүн жети жылым бар экен. Ошол убакытты текке кетиргим келбейт, арканды алдыга ыргытып, дүйнөлүк деңгээлде чыгармачылыгымды өнүктүрүүгө аракет кылуудамын.

Америка дипломаты менен дуэт аткардык. Американын Кыргызстандагы элчилигине терең ыраазычылыгымды билдирем. Былтыр Тайландга окууга барып келдим. Көптөгөн ырчы, музыканттар менен тааныштым. Дүйнөгө белгилүү ырчылар мастер класс өтүштү. Күн сайын бирден жаңы ыр чыгарып жаттык. Кыргыз элинин мыкты таланттары бар экенин көрүштү. Айрыкча, менин аткаруумду, тембримди жактырып калышты. Ошол проект аркылуу музыканттар менен таанышып, интернет аркылуу сүйлөшүп турабыз.

— Америкага көп барып турасыз. Виза маселеси менен көйгөй болгон жокпу?

-Көпчүлүк «тааныштар аркылуу виза алды» деп ойлошот экен. Бирок, Американын менталитети башка, биздики башка. Балким, ошол себептен өнүгүп жатышат. Бул жерде тааныш-тууган деген нерсе такыр жок. Ар кандай учурлар болот. Буйрук экен, виза ачылып, барып келдим.

— Инстаграмда гив оюну абдан күч алып турган чагы. Сиздер дагы ойнотуп жаткан экенсиздер. Дегеле пайдасы кандай,  кененирээк маалымат берсеңиз?

-Интернет булактарында жакшы ресурстардын келечеги кең. Катышуучулар, уюштуруучулар, демөөрчүлөр менен үч тарап болушат. Бардык белектер демөөрчүлөрдүн чөнтөгүнөн алынат. Муну менен алар өздөрүнүн аудиториясын кеңейтет, катталуучуларын көбөйөт жана алар өз алдынча Инстаграм аркылуу бизнес кыла алат. Биз бир гив оюнду бир жылга созуп салдык. Ай сайын автоунаа ойнотулуп турат. Бул жерде бардыгына пайдасы бар. Биринчиден, катышуучулар каражат кетирбейт. Андан сырткары эфирлер шоу программа, концерт менен уюшулат. Түшкөн каражаттын канча бир пайызы кайрымдуулукка жумшалат. Биз үчүн эмне пайда? Кылган иштерибиз менен тарыхта калуу. Гив ойнотуу менен атыбыз калат.

— Аткарган ырларыңыздын бардыгы хит десек жаңылышпайбыз. Ырды сиз тандайсызбы, же ыр сизди тандайбы?

-Ыр адам кийинген сыяктуу, табитке жараша болот. Эң негизгиси аткаруу чеберчилик мыкты деңгээлде болуусу керек. Талантың укмуш болуп, бирок жүрөктөн ырдабасаң, адамга жетпейт. Бир гана чыгармачылыкка эмес, бардык ишти жүрөгүң менен жасасаң, ишке ашат.

— Алдыда кандай ырлар менен элди кубантканы турасыз?
-Керим Турапов, Нурак Абрахмановдун ырларын жаңыртып, башка жанр менен аткарайын деп жатам. Буйруса, жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатабыз.

— Ийгилик каалайбыз, Мирбек мырза, маегиңизге рахмат!

-Сиздерге дагы ыраазычылыгымды билдирем.

Copyright © 2017 Maral FM