Биз менен байланышыңыз

Мээрим Карыпова: «Домбраны бир айда өздөштүргөм»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 21 Ноя 2019 | 1158 | 0

Кыргыздын атадан мураска калган элдик ырларын ийине жеткире ырдаган, маданияттын мыкты кызматкери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисткасы Мээрим Карыпова “Марал шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, чыгармачылыгы жаатындагы жаңылыктары менен бөлүштү.

— Сизде жаңылыктар көп болсо керек. Акыркы учурларда кандай окуялардын күбөсү болуп жүрөсүз? Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

-Сентябрь айынан тарта, мамлекеттик жумушта — Улуттук филармонияда солистка болуп иштеп жатам. Андан сырткары, элге жагымдуу чыгармаларды тартуулоо үчүн жаңы ырларды жаздырып жатам. Өзүңүздөр билгендей эле, “Эл ырчысы Эстебес” тобу концертибизди ийгиликтүү өткөрүп алдык. Б.Бейшеналиева атындагы исскуство университетинде да учурда салттуу музыка жана фольклор бөлүмүндө мугалим болуп эмгектенип жатам. “Картайбачы апаке” аттуу ырга клип тарттырдым. Азыркы учурда да жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатам. Кыскасы, чыгармачылык менен тынымсыз алектенүүдөмүн.

-“Эл ырчысы Эстебес” тобунун түптөлүшү туурасында айтсаңыз?

Бул топ көп жылдардан бери элге кызмат кылып жүрөт. Буга чейин топту Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Нуржамал Табалдиева эжей- агайлар жетектеген, азыркы учурда, кыргыздын залкар акыны Аалы Туткучев жетектеп келүүдө. Ушул топко келгениме алты жылдын жүзү болуп калган экен. Учурда 13 киши иштейбиз. Жыл сайын мамлекеттик деңгээлде, чоң программадагы концерттерди өткөрүп келебиз. Бул топтун өсүшүнө Аалынын салымы чоң.

Домбрада кол ойнотуп жүргөнүңүздү көрүп калабыз? Боордош казак элинин бул татаал аспабын кантип өздөштүрдүңүз?

-Кандай киши домбра менен коштоп ырдайт деп абдан суктанар элем. Колдон келишинче аракет кылып, бир айдын ичинде үйрөнүп чыктым. Кесиптештерим буга абдан таң калышты. Концертте ырдаган соң, элдин баары мени домбра менен ырдайт деп кабыл алып калышты. Жакында Казакстандын салттуу музыкасында өкүлү, белгилүү ырчысы менен Ысык-Көлдө бирге эс алып калдык. Менин домбра ойногонумду көрүп абдан күлдү. Көрсө, мен татаал вариантында ойноп жүрүптүрмүн. Ал киши мени «азаматсың» деп жакшы сөздөрүн айтып жүрөгүмдү жылыткан.

-Обон чыгарып жүргөнүңүздү да билебиз? Кайсы ырлардын автору болуп саналасыз?

“Сезимдеги ойлор” аттуу чыгармамды жазгам. Бирин-серин обондорум бар. Бирок, илхом келбей жатабы, айтор, ушул жаатта чындап чыгынып иштей элекмин. Обон жазып бериңиз деп сурагандар бар. Бирок, эмнегедир уялам.

Copyright © 2017 Maral FM