Биз менен байланышыңыз

Толгонай Арзыкеева: Быйыл мен үчүн эс алуу жылы болду

Көңүл ачуу , Марал шоу | 11 Дек 2019 | 1131 | 0

Интернет айдыңында талантын көрсөтүп калк арасында белгилүү болгон, кийин жеке ырчы катары өз өнөрүн тартуулап, бир нече кинолордо роль жараткан Толгонай Арзыкеева “Марал шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, жагымдуу маанай тартуулап кетти.

− Саламатсызбы Толгонай айым?

Саламатсыздарбы!

− Сиз тарапта кандай жаңылыктар болуп жатат?

Жаңы жылдык сьемкаларга, кинолорго тартылып, азыр такыр бош убакытым болбой жатат. Жаңы жылдан соң, жакшы жаңылык болот.

− 2019-жыл эмнеси менен эсиңизде калды?

Бул жылы эмнегедир жалкоолонуп, мен үчүн эс алуу жыл болду. Көбүнчө, саякатка чыгып, ар кандай ийримдерге бардым. Эми чычкан жылы келе жатат. Бул жылда өзгөчө дем менен чыгармачылыкка киришейин деп жатам.

− Сизди интернет популярдуу кылдыбы, же буга чейин деле калың элге таанымал белеңиз?

Чындыгында, интернет аркылуу көбү тааный баштады. Бул тармакта өзүмдүн чыгармачылыгымды баштадым. Таанышым жок эле, элимдин күчү менен ушул даражага жеттим.

− Сиз тарапта махабат айдыңы кандай болуп жатат? Чыгармачылыкка тоскоол болгон жокпу?

 Негизи жакшы эле. “Тоскоол болот, ордуңдан жылбай каласың” деп башкалар айтып калчу. Бирок, менде андай болгон жок. Балким, ал алыс жерде болгондуктан, мага билинген жок. Тескерисинче, мени ар дайым колдоп турат.

− Жакын арада үй-бүлө курайын деген планда барбы?

— Ушул суроону бир жыл мурун берсеңиз, балким «ооба» деп айтмакмын. Чоңойгон сайын, эркин болгуң келе берет экен. Кудай буйруса, өз сааты бар. Бирок, азыр эмес, шашпай.

−“Кошунаны тандабайт” аттуу сериалда да роль жаратып жатасыз. Аталган сериалга кантип тартылып калдыңыз?

Режиссер «кастингге келип кет » деп сунуштады. Ошол убакта бош болчумун. Бул образ мага абдан жакты.

−Дегеле актрисалык жаатка кантип аралашып калдыңыз эле?

10-класста Данияр Эрматов клибине чакырып калды. Нурмат Садыровдун клибине да роль жараттым. Өзүмдүн карьерамды клип аркылуу баштагам.  Андан соң, кинолорго сунуштар түшүп, тартылып келе жатам.

− Клип  тартууда, ыр жаздырууда ким жардам берүүдө?

— Азыркы учурда Миргүл Эсеналиева аттуу менеджер менен иштешүүдөмүн. Спонсорлорум ата-энем. Үй-бүлөм көмөк көрсөтүп турушат. Айрыкча, чоң апама жакынмын. Эртең менен узатып, кечинде тосуп алат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM