Биз менен байланышыңыз

Кубаныч Ажыбаев: Кылдуу аспаптардын көбүн ойной алам

Көңүл ачуу , Марал шоу | 6 Дек 2019 | 1171 | 0

Маданияттын мыкты кызматкери, талантуу ырчы мырза Кубаныч Ажыбаев “Марал-шоу” программасынын кадырлуу коногу болуп, кызыктуу маек куруп берди.

-Саламатсызбы? Кубаныч мырза, сизди куттуу студиябызда көрүп турганыбызга кубанычтабыз. Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

— Саламатсыздарбы «Марал» радиосунун күйөрмандары. Бул жылда клип тарттыра алган жокмун. Бирок азыркы учурда бир-эки ырдын үстүнөн иштеп жатам.

-“Сулууларга суктанууга акым бар” деп дагы деле сулууларга суктанып жүрөсүзбү же ал теманы жаптыкпы?

— Бул тема 90 жашка чейин бүтпөйт го дейм. Жүрөк жаш. Бала кезде кыздарга көп тийишчүмүн.

-Балалыкка кайрылалы? Ошол күндөрдү сагынсаңыз керек?

— Албетте, бала кезимди абдан сагынам. Нарын облусунун Эмгек-Талаа айылында төрөлүп, өстүм. Мына ошол айылыбыздан көптөгөн чыгаан, атактуу инсандар өсүп чыккан. Бала кездеги тентектигим азыр деле бар.

-Чыгармачыл чөйрөдө көп жылдардан бери аралашып жүрөсүз. Азыркы убактагы маданияттын абалына кандай баа бересиз?

— Улуу муундар азыркыларды «жаман» дейт. Азыркылар улуу муундарды «айта берет» дешет. Мезгил өзү тарбиялайт. Эл тараза, эл сынчы. Адамдар өзүнүн деңгээлиндеги ырларды угат. Аны биз «укпа!» деп тыя албайбыз. Кудайга шүгүр, маданияттын абалы жакшы эле.

-Кайсы аспаптарда ойной аласыз?

— Клавишалык аспаптарды ойной албайм. Кылдуу аспаптардын көбүндө ойной алам.

-Кызыктуу маек үчүн ыраазычылык билдиребиз. Чыгармачылыгыңыздын өсүшүнө тилектешпиз!

Copyright © 2017 Maral FM