Биз менен байланышыңыз

Бакыт Жусупов Словакиянын президентине Ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 457 | 0

Словакиядагы Кыргызстандын элчиси Бакыт Жусупов Словакиянын президенти Зузана Чапутовага кечээ, 17-декабрда, Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргызстан менен Словакия ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы өнүгүү темпи президенттик «Грассалковичей» сарайында талкууланды. Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Братиславага болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бакыт Жусупов Соода-өнөр жай палатасынын башкы директору Хривик Мартин,  Тышкы иштер жана Европа Биримдиги боюнча министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин директору Виктор Борецки жана Каржы министрлигинин атайын мамлекеттик бүтүмдөрдүн бөлүмүнүн аткаруучу директору Андреа Холикова менен  эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мартин Хривик өзүнчө бизнес жүргүзүү үчүн элчинин сунушун колдоого алып, гидроэнергетика, туризм, айыл-чарба жана Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарына салым  кошууга кызыккан ишкерлер тобун түзүүдө зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө макул болду.

Виктор Борецки Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Элчи соода-экономикалык маселелер боюнча кызматташтыктын негизги институттук механизмдердин бири — биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү жана экономикалык кызматташтык келишимдерди ишке ашыруу боюнча иштердин жанданышын баса белгиледи.

Словакиянын Каржы министрлигинде Бакыт Жусупов кыргыз тарап Кош салык салуудан качуу жөнүндөгу макулдашууну түзүү иштерин биргелешип жандандырууга даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM