Биз менен байланышыңыз

Жекшенкулов Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 674 | 0

Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы жана министрдин орун басары Г.Карасинге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрдин орун басары Аликбек Жекшенкуловду дипломатиялык миссиясынын башталуусу менен куттуктап, жооптуу ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле эки өлкөнүн салтка айланган өз ара ишенимдин негизиндеги стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча аракеттер айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM