Биз менен байланышыңыз

Орусиянын жаңы элчиси ишин баштады

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 702 | 0

Өлкөнүн тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн, 28-февралда Орусиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченконы кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин Маалымат Департаментинен кабарлады.

Удовиченко Кыргызстандын тышкы иштер министринин Биринчи орун басарына ишеним Грамотасын тапшырды.

Нуран Ниязалиев Орусия элчисин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталганы менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги иш чараларга мыкты даярдыктар зарылдыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM