Биз менен байланышыңыз

Президент он бир өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды (сүрөт)

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 510 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Корея, Кипр, Хорватия, Нидерланд Королдугу, Сауд Арабиясы, Дания, Бириккен Араб Эмираттары, Бангладеш, Литва, Финляндия жана Франциянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларынын башталышы менен куттуктап, алардын кесипкөй тажрыйбалары өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Жапаров Кыргызстандын жогоруда аталган өлкөлөр менен саясий диалогду жана эки тараптуу экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Президент элчилерден эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө багытталган натыйжалуу ишине ишеним артты.

Элчилер өз кезегинде кыргыз тарап менен жемиштүү иш алпарууга даяр экендиктерин жана эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдө аларга коюлган бардык милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого ниеттенип жаткандыктарын белгилешти.

Мындан тышкары, айрым элчилер Кыргызстандын экономикасына, атап айтканда, гидроэнергетика, санариптештирүү жана башка тармактарга инвестиция салууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM