Биз менен байланышыңыз

Ниязалиев: Май айында Дубайдан чартердик каттам уюштуруу пландалып жатат

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 414 | 0

3-майда жана 10-майда Дубайдан Бишкекке чартердик каттам уюштуруу пландалып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев бүгүн, 29-апрелдеги брифингде билдирди.

Нуран Ниязалиев билдиргендей, пандемиянын башталышынан бери чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 7 888 жаран кайткан.

Дубай—Бишкек каттамындагы буга чейинки учак 26-апрелде учуп келген болчу. Аны менен Бириккен Араб Эмираттарындагы 178 жаран кайтып келген.

Нуран Ниязалиев чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарды ден соолугун тобокелчиликке салбаш үчүн турган жеринде калууга чакырды.

— Жер-жерлерде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери иштеп жатат, алар мекендештерге жардам көрсөтүүгө же кеп-кеӊеш берүүгө даяр, — деп чакырды тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ниязалиев.

Copyright © 2017 Maral FM