Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков 5 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарды алды

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 483 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда, Тажикстан, Иран, Исландия, Словения жана Израиль мамлекеттеринин элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Элчилерди дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын аткарган иши жана кесиптик тажрыйбасы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берип, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштардын бекемделишине жакшы таасирин тийгизет деген ишенимин билдирди.

Ар бир Элчи менен маектешүү учурунда Мамлекет башчысы, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуудагы келечектүү багыттарды талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM