Биз менен байланышыңыз

Элчи Жекшенкулов президент Путинге Ишеним Грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 734 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Орусиянын президенти Владимир Путинге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Буга байланышкан салтанат кечээ Москванын Кремль сарайынын Александровский залында өткөн.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын алдында сүйлөп жатып, Путин кыргыз-орус мамилеси стратегиялык өнөктөш мүнөзгө ээ деп белгиледи.

«Кыргызстан менен мамилелер стратегиялык өнөктөш жана союздаш мүнөзгө ээ. Биздин өлкөлөр евразиялык интеграция процесстерине катышууда, анын ичинде Евразия Экономикалык Союздун (ЕАЭБ) алкагында тыгыз өз ара байланышта, ЖККУ багыты боюнча эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин иштешүүдө. Март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапар соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташуунун жаңы баскычтарын жаратты», — дейт Орусиянын президенти Владимир Путин.

Copyright © 2017 Maral FM