Биз менен байланышыңыз

Кремль ооган бийлиги менен талибдерди сүйлөшүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 734 | 0

Ооган бийлиги эртеби-кечпи талибдер менен диалог столуна олтуруусу керек. Мындай пикирин Орусиянын Ооганстандагы элчиси Александр Мантыцкий Риа новости басылмасына билдирген.

Анын айтымында, аймактагы кризистик абалды чечүү үчүн эки тарап суйлөшүүгө келиши керек.

«Москвадагы эки күндүк сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн катышуусун «Талибан» кыймылынын лидерлери кескин түрдө четке кагып, кабыл алышкан жок. Алар бийликти сырткы күчтөрдүн оюнчугу деп эсептешет жана алар менен бетме-бет келүүнү каалашпайт»,-деди Мантыцкий.

Талибдер эл аралык сүйлөшүүлөргө алгачкы жолу 2018-жылдын соңунда Дохада америкалык делегациянын катышуусунда өткөн жыйында катышты. Экинчи ирет 7-8-январь күндөрү Москвада сүйлөшүштү.  Бирок аларга ооган бийлиги катышкан эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM