Биз менен байланышыңыз

АКШ Талибдердин аракетин сындады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 493 | 0

Талибдердин ооган элине каршы чабуулу коркоктукту далилдейт. Мындай аракетин токтотмоюнча АКШ алар менен тынчтык тууралуу сөз да козгобойт. Бул тууралуу АКШнын Ак үйдөгү маалымат катчысы Стефани Гриш билдирди.

Ошондой эле, АКШ 17-сентябрда Талибдер уюштурган Парван жана Кабул аймактарындагы кош террактты айыптады. Анда аз дегенде 48 адам каза болуп, көпчүлүк жаракат алган.

Бул жардыруу Ооганстанда президенттик шайлоого 11 күн калганда ишке ашырылды. Буга чейин талибдер элди шайлоого катышпоого чакырып, жыйындар өткөн жерлерде жана шайлоо бекеттеринде кол салуу болорун эскерткен.

Ооганстанда президент сүйлөп жаткан иш-чарада жардыруу болду

Copyright © 2017 Maral FM