Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда президент сүйлөп жаткан иш-чарада жардыруу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 580 | 0

 Ооганстанда 17-сентябрда президент Ашраф Гани катышып жаткан жыйын маалында бомба жарылып, андан кеминде 24 киши курман болду, 31 адам жаракат алды. Бул тууралуу «Борбордук Азия жаңылыктары» кызматы жазды.

Маалыматтарда президент жабыркабаганы жазылат. Жардыруу Парван провинциясынын борбору Чарикар шаарында болгон. Ашраф Гани 28-сентябрга белгиленген президенттик шайлоого карата эл менен жолугушуу үчүн келген.

Жергиликтүү оорукананын башчысы Абдул-Касим Сангин курман болгондордун арасында балдар жана аялдар бар экенин билдирди. «Тез жардам унаалары иштеп жатат, курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн«, – деди ал.

Маалыматка караганда, жардыруу жанкечти тарабынан жасалган.

Бул арада полиция борбор калаа Кабулда болгон жанкечтинин жардыруусунан 22 адам ажал тапканын билдирди. Эки кол салуу үчүн тең «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.

Буга чейин талибдер элди шайлоого катышпоого чакырып, жыйындар өткөн жерлерде жана шайлоо бекеттеринде кол салуу болорун эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM