Биз менен байланышыңыз

Жусупбек Шарипов Болгариянын президентине Ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 317 | 0

София шаарында Кыргызстандын Болгариядагы элчиси Жусупбек Шариповдун Болгариянын президенти Румен Радевге расмий түрдө ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Расмий ишеним грамоталарын тапшыруу аземи аяктаган соң, элчи менен президенттин эки тараптуу жолугушуусу тет-а-тет форматында болуп, анда эки тараптуу кызматташуунун азыркы деңгээли жана келечеги тууралуу маек болду.

Элчи Р.Радевге терең ыраазычылык билдирип, кыргыз-болгар достук кызматташтыгын бекемдөөгө жана саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну илгерлетүүгө бардык күчүн жумшай тургандыгын ырастады.

Өз учурунда Болгариянын президенти перспективдүү багыттарда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар экендигин белгилеп, Кыргыз элчисинин дайындалышы менен эки тараптуу мамилелер дымактуу илгерлей тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM