Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Кытай элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 2 Фев 2020 | 409 | 0

Кечээ, 1-февралда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти билдирди.

Кытайдагы коронавирус инфекциясынын пайда болушуна байланыштуу Чыңгыз Айдарбеков кытай элине чын жүрөктөн боор ачып, колдоорун билдирди. Мында кытай тараптын колдонуп жаткан чараларын толугу менен колдоого алды, ошондой эле жаӊы типтеги коронавирус тарабынан козголгон пневмония эпидемиясы менен күрөшүүгө багытталган Кытай Өкмөтүнүн аракетин жогору баалады.

Аны менен бирге Кытайда убактылуу же туруктуу жашаган кыргыз жарандарына карата пайда болгон маселелерди чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгү үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле 2019-жылдын июнунда эки өлкөнүн лидерлери тарабынан жетишилген конкреттүү келишимдерди ишке ашырууга байланышкан эки тараптуу кызматташуунун айрым маселелери дагы талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM