Биз менен байланышыңыз

Президент тышкы саясий иш-чараларды сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 657 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы  ата мекендик дипломатия тармагын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өлкөнүн өткөн жылдагы эл аралык күн тартибин толук талдап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды ишке ашырууну, жакынкы өнөктөш өлкөлөр жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди түзүүнү жана бекемдөөнү атады.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өткөн жылы тышкы саясаттын күн тартиби абдан тыгыз болгондугун белгилеп, аталган иш-чараларда жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча иштер бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар тарабынан улантылып жатканын белгиледи.

2020-жылдын эл аралык күн тартибиндеги эң негизги окуялардын бири — Кыргызстандагы Орусиянын, Орусиядагы Кыргызстандын жылы болуп саналары айтылды.

Ошондой эле, ал Мамлекет башчысынын үстүбүздөгү жылдагы чет өлкөгө сапарларына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул ишке тартылган түзүмдөрдүн өз ара тыгыз аракеттенүүсүн жана 2020-жылга карата тышкы саясат боюнча пландаштырылган бардык иш-чараларды сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM