Түркмөнстан Москвага аба каттамдарын 1 айга токтотту. Бул тууралуу Түркмөнстандын улуттук «Түркмөн аба жолдору» компаниясы билдирди.
Маалыматка караганда, Ашхабад – Москва – Ашхабад багытындагы учак каттамдары 30-декабрдан 31-январга чейин токтотулган. Мындай чечим кабыл алууга, Баку-Грозный каттамындагы учак Казакстандын Актау аймагында кыйрагандыгы себеп болгон.
Эске салсак, 25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясына таандык, Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган.