Connect with us

2024: Кыргызстан бул жылы кимдерди жоготту

Блог | 31 Дек 2024 | 222 | 0

2024-жылы Кыргызстандын бир катар илим, маданият, адабият, өнөр адамдары жана коомдук ишмерлери бул дүйнө менен кош айтышты.

Асек Урманбетов — 22-декабрда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Асек Урманбетов 1923-жылы 2-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Утуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Согуш маалында ал Украинанын жана Белоруссиянын аймактарында душмандарга каршы согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарып, эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен колго түшүргөн. Акын жана жазуучу Асек Урманбетов “Ак жол” коомдук фондун жетектеп, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөтүп келген.

Мамбет Мамакеев — Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, белгилүү хирург, Мамбет Мамакеев быйыл 97 жашында көз жумду.

Мамакеев илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири болгон. Ал 90 жаштан ашса да, ишин улантып келген. Иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. Мындан улам узакка созулган карьерасы үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Эрнст Акрамов — Медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Эрнст Акрамов 86 жашында бул дүйнөдөн өттү. КММИде ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры. 2023-жылы Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылган. Ал өмүрүн медицинага арнап, аталган ооруканада 1992-жылдан бери жашап, иштеген.

Самсак Станалиев — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Самсак Станалиев 12-июнда узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Ал 74 жашта болчу. Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган.

Ч. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф. Одоевскийдин, О.Н. Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон. Жазма адабияттын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланыштуу, ошондой эле С. Карачев, К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, Ж. Турусбеков, Т. Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолу чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.

Талгар Жакшылыков — Кыргыз эл артисти, атактуу опера ырчысы Талгар Жакшылыков 60 жашында дүйнөдөн өттү. Кыргыз улуттук опера жана балет театрында эмгектенген жылдары Насыр Давлесовдун «Курманбек» операсында Тейитбектин, Пётр Чайковскийдин «Иоланта» операсында Рене падышанын, Александр Бородиндин «Князь Игорь» операсында Кончактын, Шарль Гунонун «Фауст» операсында Мефистофелдин, дагы башка ушул сыяктуу көрүнүктүү ролдорду ойгогон. Аны менен катар дүйнөлүк жана кыргызстандык композиторлордун ырларын, романстарын чебер аткарган. Көптөгөн өлкөлөрдө чыгармачылык сапарда болгон.

Мелис Абакиров — Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн өттү. Мелис Абакиров адабиятка 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу аңгемелер жыйнагы менен аралашкан. Андан бери «Алчалуу төр», «Көкөй кести», «Эрөөл», «Барымта» сыяктуу ондогон китептери жарык көргөн. Лев Толстойдун, Хуан Рамон Хименестин, Олег Шестинскийдин, Арпад Генцтин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Өзүнүн да бир катар чыгармалары орус, түрк жана башка тилдерде которулуп, жарык көргөн.

Мелис Абакировго 2011-жылы «Кыргыз эл жазуучусу» ардак наамы ыйгарылган, 2021-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Мирзахалим Каримов — Жазуучу Мирзахалим Каримов 72 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн өттү. Ал Тажикстанда туулуп өскөн. 1984-1988-жылдары Жерге-Тал райондук гезитинде иштеген. 1988-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайра көчүп келген.

Ошондон тарта 2010-жылдарга чейин «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз Туусу»), Профсоюз уюмунун «Эл жарчысы» гезитинде, «Азаттык» радиосунда кабарчы, Ирандын Кыргызстандагы «Алхода» басма үйүндө котормочу-редактор, «Жаңы кылым» гезитинде редактордун орун басары сыяктуу кызматтарды аркалап келген. 2017-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Өмүрүнүн соңку учурларында шарты жок темир күркөдө баш калкалап келгендиктен катуу ооруга чалдыккан.

Жолочу Рысбаев — Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев 76 жаш курагында акка моюн сунду.

Акын 1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.

1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Чырмоок» аттуу сатиралык китеби 1982-жылы жарык көргөн

Гуласал Садырбаева — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гуласал Садырбаева 72 жашында ааламдан өттү. Ал «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болуп, 2010-жылы парламенттик шайлоого катышып, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Бүбүйра Кыдыралиева — «Ата-Бейит» комплексинин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жаш курагында ааламдан өттү. Кыргыз каймактарынын сөөгү жаткан “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра апа быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан жылы дүйнө салды.

Абдрай Осмонов — КРнын эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов 85 жашында узакка созулган оорудан каза болду. Сүрөтчүнүн 55 чыгармасы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинин менчиги болуп эсептелет.

Анын көптөгөн шакирттери республикада белгилүү сүрөтчү болуп калышты. Алардын ичинен төртөө Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, жетөө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Сагынбек Ишенов — Кыргыз эл артисти, сүрөтчү Сагынбек Ишенов 90 жаш курагында көз жумду.

Сагынбек Ишенов көркөм адабияттарды, окуу куралдарын да жасалгалоодо эң мыкты сүрөтчү катары иштеп, балдар адабиятына да салым кошо алган.

Сагынбек Ишенов  кыргыз мультипликациясына да сиңген эмгеги зор.  1976-жылы “Кыргызфильм” киностудиясынын алдында жаңыдан уюшулган “Кыргызмультфильмге” жетекчи болуп дайындалып, алгачкы кыргыз мультфильми болгон “Сандардын чатагы” экранга чыккан.

Андан тышкары “Олокон”, “Меке чал менен Кара дөө”, “Эки бөжөк”, “Портрет”, “Толубай сынчы”, акын Алыкул Осмоновдун бейнесин ачуу үчүн “Калыптануу. Акын Алыкул Осмонов” аттуу мультипликацияларды чыгарган.

Бекбосун Жайчыбеков — 2024-жылы 6-сентябрда 76 жаш курагында кыргыз эл сүрөтчүсү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбеков узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Сүрөтчү, КРнын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1991). Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.

Жумагазы Чоң Аюу — “Ашар” кыймылынын негиздөөчүсү, мурдагы Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөсү, Үркүндү эскерген “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштурган Жумагазы Садыр уулу 71 жашында оорудан улам дүйнө салды. Ал 1990-жылдары Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын башында турган каармандардын бири.

1981-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин) журналистика факультетин аяктаган. Эмгек жолун журналист болуп баштаган.

Анын ысымы 1989-90-жылдардагы Кыргызстандагы урунттуу окуялар менен тыгыз байланышта. Ал бул учурда өкмөттүк “Кыргыз жери” журналында иштеп турганына карабай, өлкөнүн кайра жаралуу процессинде эмгеги бар “Ашар” кыймылын негиздөөгө салым кошуп, анын башында турган.

Дүйшөн Керимов — Белгилүү жазуучу, публицист жана журналист Дүйшөн Керимов быйыл 7-ноябрда 68 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Дүйшөн Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу маалымат топтолгон “Айкөл Манас оюндары” китебинин, мындан сырткары “Эрөөл талаа”, “Кыргын-Сай”, “Жол башчы” баштаган бир нече эмгектердин, ондогон аңгеме, эсселердин автору. Көркөм чыгармачылык менен публицистиканы эриш-аркак алып жүргөн калемгер болчу.

Бакыт Капаров — 13-февралда белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров 55 жашында акка моюн сунду. Бакыт Капаров 1968-жылы 5-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылында төрөлгөн. 1994-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Ал «Жубайыма», «Төк жамгыр», «Тоң мекеним» баш болгон 50дөн ашык чыгарманын автору.

Турсун Усенов — Белгилүү кинорежиссер, актер 74 жашында өмүрдөн өттү.

Ал өмүрүнүн аягына чейин “Кыргызфильм” киностудиясында эмгектенген. Жүздөгөн кыргыз тасмаларында экинчи режиссер катары иштеп, эмгеги жакшы баага татыган. Өзү да режиссер катары 1991-жылы «Катарсис» киностудиясында «Ночь демона», 2004-жылы 13 сериядан турган «Юридическая консультация» тасмасын, 2009-жылы «Цель жизни», 2011-жылы «Нам 70» даректүү тасмаларын тарткан.

Бегиш Аматов — “Легендарлуу парламенттин” депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 26-сентябрда 75 жаш курагында каза болду. Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Ал 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

Илгиз Айтматов — Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдирди. Ал тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон.

Анын илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана техногендик кыйроолорго арналган.

260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Академик белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси.

Четин Жумагулов — Тилчи-түрколог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Четин Жумагулов 23-майда 87 жашында дүйнө салды. Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка) изилдеп, илимий чөйрөдө бир катар жаңы эстеликтерди ачкан.

Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектин автору жана алар чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага оодарган. 

Рустам Сагыналиев — Маданияттын мыкты кызматкери, эстрада ырчысы Рустам Сагыналиев 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Ал соңку жылдары боордун цирроз дартына чалдыгып, анын дарылануусуна маданият кызматкерлери каражат топтогон. Сагыналиев өзү маектеринин биринде боорун алмаштырууга донор табылганын, бирок кийинчерээк ал донор болуудан баш тартканын айткан жайы бар.Рустам Сагыналиев коомчулукка «Өтүнүч» аттуу ыры менен таанылган. Кыргыз улуттук филармониясынын «Эл шайырлары» тобунда эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM