Биз менен байланышыңыз

Президент Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 449 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-декабрда, Сауд Арабиясы Королдугуна болгон расмий визитинин алкагында, Сауд Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, Директорлор кеңешинин төрага орун басары Халид С. Аль-Худайри менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кызматташтык үчүн Фондго ыраазычылык билдирип, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, облустардагы автожолдорду реконструкциялоо тармактарындагы фонддун жардамы жогору экендигин билдирди.

Мындан тышкары, өлкөнүн региондорунда чакан жана орто ишканаларга жардам берүү боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун көңүлүн бурду.

Сауд Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Халид С. Аль-Худайри өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, Фонд тараптардын Кыргыз-сауд экономикалык кызматташтык фондун түзүү ниетин колдоорун жана долбоордун алкагында катышууга даяр экенин белгиледи.

Халид С. Аль-Худайри Сауд Өнүктүрүү Фонду Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгаруу аракеттерин мындан ары дагы уланта турганына ишендирди.

Copyright © 2017 Maral FM