Биз менен байланышыңыз

Азаттыктын иликтөөсү: Тергөөдө журналисттердин коопсуздугун УКМК кепилдикке алат

Кыска кабар | 14 Дек 2019 | 814 | 0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) журналисттик иликтөө боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө тууралуу билдирүү таратты. Анда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөөдөгү материалдар боюнча сурак берүүгө журналисттик иликтөөдө аты аталган бардык адамдар чакырылары айтылат.

— УКМК журналисттердин жана алардын туугандарынын (Кыргызстандын аймагында) жеке коопсуздугуна кепилдик берет. Иликтөө тууралуу коомчулукка маалымат берип турабыз, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия журналисттик иликтөөдөгү материалдар боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишин улантып жатат.

Учурда «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндөгү бардык материалдардын көчүрмөсү улуттук коопсуздук органдарына берилип, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына тиркелди. Суракка күбө катары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, буга чейин «Манас аэропорту» көзөмөл-өткөрмө пунктунда иштеген чек ара кызматынын мурунку офицерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбеков чакырылат.

Copyright © 2017 Maral FM