Биз менен байланышыңыз

Электрондук кезекке ата-энелердин ичи чыкпай келет

Коом , Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 1241 | 0

Бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат. Электрондук система ишке киргенден тарта, 40 миңден ашык балдар бала бакчаларга кабыл алынган. Бирок айрым ата-энелер орундар тизмеде жок адамдарга берилип жатканын айтып, бул тутумдун ишине нааразы экендигин жашырышпайт. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги электрондук кезекти эч ким жылдыра албай турганын белгилейт.


Эльвира Азимова (аты-жөнү өзгөртүлдү) өткөн жылы эки уулун Бишкектеги бала бакчалардын бирине берүү үчүн электрондук кезекке турган. Бирок кезек жылбай, көпкө күтүп калат. Ал арада Билим берүү жана илим министрилигинин кызматкери акча берсе, кезекти жылдырып берүү убадасын берет.

— 4 миң сом өлчөмүндө акча бердик. Бирок кезекти жылдыра алган жок. Көпкө жүрдү. Анан «колуңардан келбесе башында эле айтпайт белеңер» деп акчаны кайра сурап баштадым. Аны да бөлүп-бөлүп берип жатып араң кутулду.

Ушул жылдын май айында балдардын аты-жөнү электрондук тизмеден четтетилип калган.

— Уулумдун да, кызымдын да арызын таппай койдум. Электрондук кезектен чыгарып салышыптыр. Балким, биз акча берген кызматкер өчөшүп калгандыр. Ал өзүн тааныштырганда башка атты айткан экен. 

Бирок Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бакыт Рысбеков тизмени алдыга жылдыруу мүмкүн эместигин айтат. Ал бакчага кабыл алууда “жеңилдик берилген” жарандардын балдарына артыкчылык каралганын белгиледи. Алар бала бакчанын жана аскер кызматкерлеринин, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөнүн балдары экендигин айтат:

— Тизмеден эч ким четтете албайт. Жок болуп кетиши да мүмкүн эмес. Бала бакчанын жетекчиси да, ата-эне да тизмеден өчүрө албайт. Анткени сыр сөздү ата-эне гана билет. Балким, системага туура эмес кирип жатат. 

Маалыматка ылайык, баланы мектепке чейинки билим берүү уюмунан чыгаруу педагогдордун арызынын негизинде бала бакчанын директорунун буйругу менен таризделет.

Эгерде арыз берүүчү бош орун жөнүндө электрондук дарекке билдирме келген күндөн тартып 15 жумуш күндүн ичинде бакчага тиешелүү документтерди бербесе, анын орду электрондук кезектен жокко чыгарылат.

Ал эми Мектеп, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев бала бакчага электрондук кезек менен кабыл алуу коррупцияны жоюу максатында түзүлгөнүн эске салып, министрликтин кызматкерлери акча ала турган болсо, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн билдирди:

— Министрлик кезекти жылдырта албайт. Жаран арыз жазса, комиссия түзүп, шаарга өткөрүп берген электрондук мекеменин уюмун текшертебиз. Мындайда коомду дүрбөтпөй, коркпой арыз жазышы керек. Ал эми электрондук кезек ачык-айкын иштеп жатканын ачык айта алам. Акча бергендер да өтпөй калууда. Өзүбүз мыйзам бузуп, «менин баламды алсын» деп тыйын бере калабыз. Арызданган киши мага келсин, бул маселени изилдеп, чечип беребиз. 

Электрондук система ийгиликтүү иштеп жатат. Болгону ата-энелерде жетиштүү маалымат жок болгондуктан нааразычылыктар жаралып, ишенбөөчүлүк пайда болууда. Бул көйгөйдү жоюу үчүн Билим берүү министрилиги байма-бай маалыматтык кампанияларды уюштуруп турушу зарыл. Мындай пикирин билим берүү боюнча серепчи Догдургүл Кендирбаева билдирди:

— Ата-энелер толук маалымат алышы керек. Жаңылыкка көнбөгөндөрдө «жарабайт» дегендер болот. Электрондук система демилгеси негизинен жакшы, муктаждык абдан жогору. Мисалы, мен да неберемди бала бакчага киргизүү үчүн электрондук кезекке тургуздум. Сурап да койгон жокмун, өзү эле өтүп кетти. Тажрыйба жүзүндө көргөндүктөн электрондук системага ишенүүгө болорун айта алам.

Кошумчалай кетсек, бала бакчаларга электрондук кезекте 30 миңден ашык бала турат. Электрондук система ишке киргенден тарта 40 миңден ашык бала бала бакчаларга кабыл алынган.

Учурда ал тутум Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда иштейт. 2020-жылдан тарта ал Токмок, Кемин, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Балыкчы шаарларында иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM