Биз менен байланышыңыз

Бакыт Рысбеков: Молдокматов кыйноо боюнча даттанган жок

Саясат | 1 Ноя 2021 | 1112 | 0

Саясатчы Жеңиш Молдокматовго басым болуп жатканын анын жардамчысы билдирди. Бул тууралуу аларга абактан анонимдүү булактар маалымдашкан. Молдокматов «октябрь окуяларында башаламандык уюштурган» деген айыптоо менен камалган. Ал өзү муну «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсеп келет.  Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Саясатчы Жеңиш Молдокматовго абакта басым болуп жатканын анын жардамчысы, «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулуна абактан анонимдүү булактар маалымдашкан.

Анын айтымында, саясий куугунтук бир да бийликти жакшылыкка алып келген эмес.

«Жеңиш Молдокматов буга чейинки соттук отурумдарда бийликти ачык сынга алган. Эртең да соттук отурум Биринчи май райондук сотунда ачык болот. Эртең да Жеңиш Молдокматов бийликти сындабашы үчүн атайын УКМКдан балдар келип, бөлмөлөрүн тинтүүгө алып, жүдөтүп баштаган. Муну менен эртеңки соттук отурумда сүйлөтпөөгө аракет кылып жатышат окшойт деп ойлоп жатабыз». 

Былтыр октябрда болгон окуяларга байланыштуу камакка алынган саясатчы Жеңиш Молдокматовго 4 берене: «Массалык башаламандыктар» беренесинин 3-бөлүгү, «Курал-жарак уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо», «Бийлик адамына күч колдонуу же коркутуу» менен иш ачылган.

Молдокматов май айынын башында былтыркы 5-6-октябрь жана 9-октябрдагы окуяларга байланыштуу камакка алынган. Ал иштин акыйкат каралышын талап кылып, 26-июлдан 5-августка чейин 10 күндөн ашык ачкачылык кармаган. Кийин ден соолугуна байланыштуу менчик клиникалардын биринде дарыланып, кайра абакка которулган. Учурда СИЗО-1де кармалууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова мындай билдирүүнү четке какты.

«Номер биринчи тергөө изоляторунда отурган Жеңиш Молдокматовго басым болуп жатат деген анонимдүү булактардын билдиргени чындыкка дал келбейт. Аталаган мекемеде андай факты катталган жок. Экинчиден, Жеңиш Молдокматовдун өзүнөн эч кандай доо арыз келип түшкөн жок. Бир айта кетүүчү жагдай, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын дээрлик бардык мекемелеринде онлайн режимде видеокөзөмөл жүрүп турат».

Жеңиш Молдокматовго кысым болгон-болбогонунан кабар алып берүүсүн тарапташтары Кыйноолорду алдын алуу борборунан өтүнүшкөн. Борбордун директору Бакыт Рысбеков кызматкерлер барып Жеңиш Молдокматов менен жолугуп чыгышканын, бирок ал кыйноо, катаал мамиле боюнча даттанбаганын айтты.

«Тарапташтары тарабынан Молдокматовдун абалын билип чыгуубузду өтүнгөн кайрылуу болгон. Бүгүн мен өзүм Ошто иш сапарда жүрөм, бирок Бишкектен башкы кеңседен кызматкерлер барып жолугушту. Ага чейин да байма-бай кирип турганбыз. Кыйноо жөнүндө, катаал мамиле жөнүндө арыз түшкөн жок. Буга чейин да түшкөн эмес». 

Молдокматов өзүн күнөөсүз деп атап, «саясий куугунтук жүрүп жатат» деп эсептейт. Ал камакка алынганга чейин азыркы бийликтин иш-аракеттерин катуу сынга алып келген.

Copyright © 2017 Maral FM