Биз менен байланышыңыз

Жамалдинов: Курсан Асановдун эмгеги бааланбай калды

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 1607 | 0

ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун эмгеги бааланбай калды. Мындай оюн Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча окуяны иликтеген комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуясы боюнча интернетке тараган видеолорду көргөн адамдардын баары «Курсан Асанов болбогондо, көпчүлүк аскер кызматкерлери жабыркап калышы мүмкүн эле» деген ойду карманышат.

«Ал жакта ошончо курал, ок-дары болгон экен (47 ок атууучу курал, 2265 ок дары). Эгерде Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөндө, күч менен киришкенде, дагы көп жоготуулар болмок. Курсан Асановдун эмгеги, чындыгында, бул жерде бааланбай калды. Депутаттар дагы «сыйлыкка татыктуу болгон эле» деп айтып жатышпайбы», -деди эл өкүлү.

Эске салсак, 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 23-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM