Биз менен байланышыңыз

Жамалдинов шайлоочуларды добушун сатпоого чакырды

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 345 | 0

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5427 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Зиядин Жамалдинов Ош облусунун тургундарын шайлоого активдүү катышууга, добуш сатпоого чакырды. Ошондой эле бүгүн өлкөдө таза шайлоо өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Парламенттик шайлоо өткөрүүгө Ош облусунун аймагында 515 шайлоо тилкеси ачылган жана 765 миң 265 шайлоочу бар.

Copyright © 2017 Maral FM