Биз менен байланышыңыз

Жамалдинов: Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө көзөмөл жок

Күн чекит | 26 Янв 2019 | 686 | 0

Кыргызстанга өткөн жылы 7 млн чет элдиктер кирген. Анын беш пайызын Кытай Эл Республикасынын жарандары түзөт. Анткен менен эмгек келишимин алгандардын дээрлик 70 пайыздан ашыгы кытайларга туура келет. Ал мыйзам бузгандарга келсек. Төрт жылда мыйзам бузгандардын саны 22 миңге жеткен. Бирок алар жазага тартылган эмес. Бүгүнкү күнү мыйзамдар жол бербей келет.

Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүктөрдү ыраатка салуу жолдорун “Күн чекит” программасында Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов менен талкууладык.

Марал: -Өкмөт мыйзамды бузган чет өлкөлүктөрдү жазага тартуу механизмдери жок деп жатат. Алардын мыйзамды сактоосу үчүн кайсы негизги делген чара көрүлүшү керек?

Жамалдинов: -Биринчи кезекте азыркы Миграция кызматын министрлик же комитет кылып өзгөртүшүбүз керек. Анткени бүгүнкү күнү миграцияны 6 мамлекеттик орган тескегени менен натыйжалуу иш болбой жатат. Жоопкерчиликти алуу жок. Бири-бирине гана шылтамай болуп калды. Ошондуктан милдетти жана жоопкерчиликти бир эле органга бериш керек. Ошондо өлкөгө кирген жана чыккандар тууралуу маалыматты бир эле органдан алып иш так болмок.

Экинчиден, чет өлкөдөн келген мигранттарга келгенден кеткенге чейин көзөмөл жок болуп жатат. Кээ бири бир айга келип, кийин бир жылга чейин жумушка орношуп калып жатат. Айрымдары уруксат албай жагы жүрөт.

Үчүнчүдөн, жумушка кирүү үчүн талап кылынган уруксат кагаздары. Бүгүнкү күнү анын баасы жылына 2 миң сом боюнча турат. Мындан эки жыл мурда ушул сумманы 50 миң сомго көтөрүү сунушун бергем. Азыр жыл сайын өкмөт тараптан атайын квота бекилет. Былтыркы жылга 16 миң  500 жаранга деп бекитишкен экен. Эгер ушул санды 50миңге көбөйтө турган болсок, жылына 1 млрд сом бюджетке түшүп турмак. Ошол эле кезде чет өлкөлүктөр дагы тартипке өтмөк.Ал эми уруксат кагазын албай жүргөндөрдү дароо республиканын аймагынан чыгаруу керек.

Марал:— Өкмөт айып пул салуу менен жөндөйбүз деп жатат. Бул реалдуубу?

Жамалдинов:-Айып пул салуу менен биз чет өлкөлүктөрдү тартипке келтире албайбыз. Себеби биздин мыйзамды бузган чет өлкөлүк жарандын визасынын мөөнөтү бүтүп, чөнтөгүндө  бир сому калбаса, биз кантип аны талап кылабыз. Ошондуктан биз жумуш ордун берип, айлык маянасын кармап калгандай механизм иштелип чыгышы керек.

Марал: -Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM