Биз менен байланышыңыз

Зиядин Жамалдинов: «Көмүр баасы азыртан эле 5000-6800 сомго чыгып кетти»

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 473 | 0

Депутат Зиядин Жамалдинов көмүрдүн баасы кымбаттап кеткенине тынчсызданып, аны көзөмөлдөөнүн зарылдыгын айтып чыкты. Бул тууралуу депутат Парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты.

Өкмөт азык-түлүк менен отун кескин кымбаттабайт деген эле, тилекке каршы, азыр ун менен көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кеткенин билдирди. Өкмөт, анын атайын органдары мындай абалды көз жаздымда калтырбай, бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керектигин белгиледи.

Кыш келди, көмүрдүн баасы азыртан эле 5000-6800 сомго чыгып кетти. Баа бардык аймактарда көтөрүлүүдө: Ошто – 2300-7000 сом, Бишкекте – 3400-3900 сом, Ысык-Көлдө – 5000-5800 сом, Жалал-Абадда – 6000-6500 сом. Балким, көмүрдүн баасын ортомчулар көбөйтүп жатат. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM