Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Өзбекстанга көмүр экспорттойт

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 799 | 0

Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет. Бул туралуу Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, өзбек тарап Кыргызстандан көмүр алууга кызыкдарлыгын билдирген.

«Биз көмүр казуу компанияларыбыздын тизмесин түзүп, алар тууралуу маалымат бердик. Азыр мүмкүнчүлүктөрдү, көлөмүн, жеткирүүнүн логистикасын жана баасын талкуулап жатабыз»,-деди ал.

Турдубаев өзбек тарап жылына 600 миң тонна көмүр импорттоо каалоосун билдиргенин белгиледи. Азырынча Өзбекстанга 21 көмүр кен байлыгы тууралуу маалымат берлиген.

Мындан тышкары, энергетика жана өнөр жай министри Кыргызстандын мунай кайра иштетүүчү заводдорун жүктөө максатында мунай заттарын жеткирүү маселелери талкуулангандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM