Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Өзбекстанга гуманитардык көмөк көрсөттү

Кыска кабар | 11 мая 2020 | 1022 | 0

Кыргыз өкмөтү 1-майда Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстан Республикасынын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Мындай чечимге премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өзбекстан Республикасынын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү.

Эске салсак, 1-майда Өзбекстандын Сардоба суу сактагычы жарылып кетип, жакынкы аймактагы калктуу конуштарды суу каптаган. Ошондой эле чектеш Казакстандын Түркистан аймагындагы 10 калктуу конуш да бул суу ташкынынан жабыркаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM