Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 2 млндон ашык жаран Орусиядан мекенине кайтууну каалайт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2020 | 675 | 0

Өзбекстандын 2 миллиондон ашык жараны Орусиядан мекенине кайтууну каалап жатат. Бул тууралуу укук коргоо боюнча эксперт Ботиржон Шермухаммад Kun.uz сайтына билдирген.

Маалыматка ылайык, 2 миллиондон ашык өзбекстандык мекенине кайтуу ниетин билдирген. Эксперттин айтымында, бул үчүн чартердик рейс уюштуруу мүмкүн эмес.

— Бир учакка 250-300 адам гана батат. Учуп кетүү үчүн катталгандардын саны эбак эле 10 миңден ашкан. Жок дегенде катталгандарды алып кетүү үчүн да аз эмес каттамды уюштуруу керектелет,- дейт Шермухаммад.

Анын айтымында, көпчүлүк жарандар учуп кете албагандыктан Орусияда калууга мажбур болушууда.

Буга чейин эскертилгендей, чартердик каттамдар менен алгач балдар, кош бойлуу аялдар, оорукчан жана жашы улгайгандар учушат.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандан Орусияга 14-23-май аралыгында 4 чартердик каттам уюштурулат.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев Орусияда аскердик окуу жайлардагы 520 кыргызстандык курсант жакынкы күндөрү Бишкекке алып келинерин айткан. Ошондой эле, 12-майда брифинг учурунда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 17-майда Москвадан болжол менен 402 кыргыз жаранын алып келүү пландалып жатканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM