Биз менен байланышыңыз

Депутат Зиядин Жамалдинов Чек ара маселесин чечүүнү тездетүүнү айтып чыкты

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 568 | 0

Кечээ Баткендин Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында тажик-кыргыз чыры боюнча маселе Жогорку Кеңеште айтылды. Бул тууралуу көйгөйдү депутат Зиядин Жамалдинов айтып чыкты.

Чек ара маселеси орчундуу болуп турат. Буга качан чекит коюлат. Эки жаран октон жаракат алды. Дагы төртөө жаракат алган. Баткендеги эл коркунучта жашап жатышат. Чыр чыкты дегенде Өкмөттөн барышат, сүйлөшүү жүргүзөт, кайра эле кайталанат. Делимитация жана демаркация маселесин тездетүү зарыл. Өкмөт өзү ишти жүргүзө албай жатса, анда ай сайын Парламентке келип маалымат берип турсун, биз көзөмөл кылалы, — деди депутат.

Кечээ Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик элинин ортосунда чыр чыгып, ал бири-бирине таш ыргытышуу менен коштолуп, ок атуучу курал менен аткылаганга чейин жеткен.

Натыйжада, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жоокери жана жергиликтүү кеңештин депутатына ок тийген. Мындан сырткары, 3 жоокер жана бир жай тургун ар кандай жаракаттарды алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM