Биз менен байланышыңыз

Боронов Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Июн 2020 | 1207 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун айыл тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошту.

Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.

Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Ал ошондой эле тургундарындын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты. Тармактык мамлекекттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM