Биз менен байланышыңыз

Марипов Кадамжай шаарынын тургундары менен жолукту

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 830 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Улукбек Марипов Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты.

«Жалпыңыздарга белгилүү болгондой, Баткен облусунун Баткен шаарында гана жалгыз Калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды. Бүгүнтөн тарта Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт», — деди Марипов.

Марипов ошондой эле парламентке Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенин айтты.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Кадамжай шаарындагы М.Нургазиев атындагы каналга барып, канал жээгиндеги бетон бордюрларынын курулуш долбоору менен таанышты.

Copyright © 2017 Maral FM