Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн Баткенге «өзгөчө макам берүүчү» мыйзамына канааттанбады

Саясат | 18 мая 2021 | 2482 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Аны Айыл, суу жана токой чарба министринин сунуштап жатканы сынга кабылды. Ошол эле учурда эл өкүлдөрү долбоор декларациялык негизде жазылып, конкреттүү эч нерсе көрсөтүлбөгөнүн белгилешти. Жогорку Кеңештин депутаттарынын аталган мыйзам долбоору боюнча сунуштарына алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитети «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

Аталган мыйзамды Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов баяндап, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, учурда Баткен облусун өнүктүрүү боюнча Министрлер кабинетинин тескемеси даярдалып, өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп жатат. 

«2012-жылдан 2017-жылга чейин  чек ара аймагын өнүктүрүүгө жалпы 1 млрд 600 млн сом бөлүнгөн. Ысык-Көлдө бир, Ош облусунда ондон ашуун, калган дээрлик 80%ы Баткен облусунда жайгашкан. Чек ара аймактарын өнүктүрүү программасы 2012-жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. 2012-2017-жылдар аралыгында 1 млрд 600 млн сом бөлүнүп, ФАПтар, мектептер, жолдор курулду. Ал эми 2017-жылдан 2020-жылга чейин 303 млн сом бөлүндү. Эми ошол чек ара аймактарына акчанын көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат».

«Баткен облусуна макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун Айыл чарба министрлиги демилгелеп жатканын көпчүлүк депутаттар сынга алышты.

Алсак, депутат Таабалды Тиллаев Өкмөт Баткен облусунун жашоочуларына өгөй мамиле кылып жатканын айтып, Баткенге өзгөчө макам берүү маселесин талкуулаганга Айыл чарба министринин орун басары келгенин сындап, «Макам берүүнү Айыл чарба министрлиги чечип калдыбы?» — деген суроо салды.

Ошондой эле Тиллаев чек арада жайгашкан айылдардын тургундарына жок дегенде пенсия менен жөлөк пулду эки эсе жогорулатууну жана өзгөчө макам бергенге жараша жергиликтүү тургундарга ошончолук колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.

 «Статус берилгенден кийин экономикалык, социалдык жактан бир топ маселелерге Айыл чарба министрлигинин орун басары келди. Бул киши бизге эмнени жооп берет?! Кайсы маселени чечет? Алар сунуштаган мыйзамды карап чыктык. Элди колдой турган кандай жеңилдиктер болот, кандай иш-чаралар болот, ошолорду так көрсөтүшүбүз керек. Чек ара статусун алган айылдар бар болгону менен бир тыйын да колдоо жок. Азыр биз өзгөчө статус беребиз деп губернаторго бийлик берип жатабыз, ал бир сом да акчасы жок эмне иш кылат? Тескерисинче, губернаторду күчтөнтүп жатып, элдин кыжырын келтиребиз», — деди Тиллаев.

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаты Аалы Карашев да Айыл чарба министрлигинин деңгээлинде бул маселени талкуулабай койсо да боло турганын белгилеп, 17-майдагы Министрлер кабинетинин өлкөнүн чек арадагы абалы боюнча жабык эшик артында берген маалыматына канааттанбаганын билдирди.

Анын пикиринде, «Баткен облусуна макам берүү жөнүндө» мыйзам жөн эле шаблон сыяктуу болуп калган. Аны менен макам берилсе деле маселе чечилбейт. Мыйзамда баары так көрсөтүлүп, кошумча пакеттери менен сунушталышы керектигин эскертти.

«Баары эле «ал эле, бул эле, эртең, бүрсүгүнү, программаны иштеп жатабыз, 700 млн бөлдүк» дегенден башка эч нерсе жок. Ушул мыйзамды Өкмөт керек болсо конкреттүү жазып таратып берсеңер жакшы болот  эле. Каргашалуу окуя болгондон бери 3 жума өттү. Үч жумада беш программаны иштеп чыгарып койсо болот эле. Ар бир районго, ар бир айыл өкмөткө кандай жардам берилиши керек, башка кандай объектилер курулушу керек, ошолорду конкреттүү жазып алып келсеңер, колдоп берет элек».

Мындан сырткары ал эл көргөндө ишене турган реалдуу мыйзам болушун, негизгиси каражаттар, салыктар так көрсөтүлүшү керектигин кошумчалады.

Ага жооп катары Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев Баткен облусун өнүктүрүү боюнча донорлор менен иштер жүрүп жатканын айтты.

«Бардык тармак боюнча сурандык, өнүгүү үчүн 3-5 жылдык орто жана узак мөөнөттүү долбоорлорду баштоого аракет жасайбыз. Андан сырткары инфраструктураны өзгөртүүгө 700 млн сом бөлүү боюнча бюджетке өзгөртүүлөр киргизилди». 

Мындан сырткары Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов чек арада жашаган жарандарга Өкмөт жеңилдетилген насыяларды узак мөөнөткө берүү боюнча банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын маалымдады.

«Өкмөт азыр «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен жеңилдетилген насыяларды узак мөөнөткө берүү боюнча иштерди баштады. Андан сырткары ошол жердеги ишкерлердин кандайдыр бир финансылык иштери, салыктары, айыптары болсо, аларды жокко чыгаруу же узартуу боюнча дагы кайсы бир деңгээлде иштер жүрүп жатат». 

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева жаңы сунушталып жаткан мыйзамда Баткен облусу боюнча Координациялык кеңеш түзүү жаңылык эместигин, анын кереги жок кызмат экенин айтты.

«Мына Баткен облусу боюнча Координациялык кеңешти түзүүнүн эмне кереги бар? Ал эмне иш алып барат? Министрлер кабинетинде да Баткен облусу боюнча координатор болот экен, анын астында Координациялык кеңеш болот экен, анын астында Өкмөттүн өкүлчүлүгү болот экен. Мунун баары бюрократия. Баары керексиз нерселер».

Депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзам жазууда референттердин жазгандарын окуп коюп, дайыма интрига менен жүргөндүктөн өлкө өкүкпөй жатканын айтты. Ошондой эле ал мамлекет Баткендеги бардык маселени чече турган, конкреттүү мыйзам болушу керектигин белгиледи.

«Баткендик туугандарды колдоо керек. Бирок бул боюнча болбойт. Экинчи окууда конкретика менен беришибиз керек. Баткен облусу 5 жылдан кийин кандай облус болот? Өзгөчө статус бериле турган экинчи регион болгону жатат. Баарын пункттар менен жазып, мамлекет Баткендеги бардык маселени ошол жерде чече турган мыйзам болушу керек».

Жыйындын соңунда комитет мыйзам долбоорун кабыл алып, бирок кайрадан толуктап, иштеп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыга турган болушту.

Copyright © 2017 Maral FM