Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттен колдоо болбой, коңшулар басмырлап жатса, чек арадагылар кантип жашайт?»

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 1659 | 0

Баткен облусуна макам бергенге жараша жергиликтүү тургундарга ошончолук колдоо көрсөтүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев комитеттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ал: «Мамлекет тарабынан колдоо болбой, коңшулар тарабынан басмырлоо болуп жатса, чек арадагы эл кантип жашайт?» — деген суроо койду.

Ошондой эле эл өкүлү Өкмөттүн Баткен облусунун жашоочуларына өгөй мамиле кылып жатканын айтып, Баткенге өзгөчө макам берүү маселесин талкууланга Айыл чарба министринин орун басары келгенин сындап, «Макам берүүнү Айыл чарба министрлиги чечип калдыбы?» деген суроо салды.

«Статус берилгенден кийин экономикалык, социалдык жактан бир топ маселелерге Айыл чарба министрлигинин орун басары келди. Бул киши бизге эмнени жооп берет?! Кайсы маселени чечет? Алар сунуштаган мыйзамды карап чыктык. Элди колдой турган кандай жеңилдиктер болот, кандай иш чаралар болот, ошолорду так көрсөтүшүбүз керек. Чек ара статусун алган айылдар бар болгону менен бир тыйын да колдоо жок. Азыр биз өзгөчө статус беребиз деп губернаторго бийлик берип жатабыз, ал бир сом да акчасы жок эмне иш кылат? Тескерисинче, губернаторду күчтөнтүп жатып, элдин кыжырын келтиребиз», — деди Тиллаев.

Мындан сырткары Тиллаев чек арада жайгашкан айылдардын тургундарына жок дегенде пенсия менен жөлөк пулду эки эсе жогорулатууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM