Биз менен байланышыңыз

Депутат: Апрелде 2 миңден ашык пенсионер пенсия албай калган

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 557 | 1

Ноокат районунда 1 миң 50, Сузак районунда 2 миң 200 пенсионер апрель айынын пенсиясын албай калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттин 14-майдагы жыйынында билдирди.

-Бул эки районго тең өзгөчө кырдаалдар кирген. Ал жерде пенсия күтүп отурган качалаган пенсионерлер бар эле. Өзгөчө кырдаалда азык-түлүк ала албай отурган персионерлерге пенсияны жеткирип бербей коюшуптур. Тез арада бергиле!, — деди Жамалдинов.

Эл өкүлү мындан сырткары, учурда дыйкандарга жер семирткичтер жетпей, айыл жерлеринде күйүүчү май тартыш болуп жатканын маалымдады. Бул кырдаалды жөнгө салып, дыйкандарга тийиштүү шарттарды түзүп, сугат суу менен камсыздоо зарылчылыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM