Биз менен байланышыңыз

Бишкектин экс-мэрлеринин сот ишинде жарыш сөздөр окулууда

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 630 | 0

Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча Ленин райондук сотунда ушул тапта тараптардын жарыш сөз айтуусу улантылууда. Соттук процесс судья Кубанычбек Касымбековдун төрагалыгы менен өтүүдө.

Кубанычбек Кулматов мэр болуп турган маалда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулуш эпизоду боюнча прокурор айыптарды окуду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча 2014-жылы Кулматов Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкек жылуулук электр борборду (ЖЭБ) модернизациялоонун алкагында 2 мектепти куруу үчүн берген 2 млн доллар грантты мыйзамсыз иштеткен.

Copyright © 2017 Maral FM