Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн чекене баасы 1,7 %га төмөндөдү

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 418 | 0

Декабрь айынын биринчи жумасынын көмүргө болгон орточо керектөөчү баалары ноябрь айынын баалары менен салыштырмалуу бир тонна үчүн 81,55 сомго же 1,7 %га төмөндөдү. Ноябрдын биринчи жумасына салыштырмалуу ошондой эле 34,55 сомго же 0,7 пайызга төмөндөгөнү байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ошентип, 5-декабрга карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары:

  • Кара–Сууда бир тоннасы — 8 124,04 сом;
  • Ноокатта бир тоннасы — 7 587,42 сом;
  • Баткенде бир тоннасы – 7 140,04 сом болуп катталды.

Ушул эле учурда  минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчы шаарында бир тоннасы – 3 694,59 сом, Нарын шаарында бир тоннасы  – 3 549,65 сом жана Чаек айылында бир тоннасы – 2 500 сом болгону байкалды.

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы эң көп Өзгөндө – тоннасы 733,67 сомго же 15,6 %га жана Токтогулда – тоннасы 421,05 сомго же 8,4 %га жогорулады.

Ошону менен бирге айрым калк жашоочу пункттарда: Кара-Суу шаарында бир тоннасы – 361,24 сомго же 4,3%га, Нарын шаарында бир тоннасы – 192,01 сомго же 5,1 %га жана Бишкек шаарында бир тоннасы – 153,86 сомго же 3,7 %га баалардын төмөндөгөнү байкалды.

Copyright © 2017 Maral FM