Биз менен байланышыңыз

Залина Касымова:  «Мезгил закымдары” күүсү көп ийгиликтерди багындырды

Көңүл ачуу , Марал шоу | 6 Дек 2019 | 1046 | 0

Кыл-кыяк — элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул аспап муң-зарды өзүнө батырып, өткөн доордун музасын ичинде топтоп турат. Мына ушул  аспапта  мыкты ойногон бардык  жагынан төп келген белгилүү кыл кыякчы Залина Касымова  “Марал Шоу” программасына келип, кызыктуу маек куруп берди.   

-Саламатсызбы, Залина айым?

— Саламатчылык!

-Сейрек ойнолчу кыл кыяктын тилин көпчүлүк түшүнө бербейт. Мына ушул  аспапты ойноп келе жатканыңызга канча жыл болду?

— Мен кичинекей кезимде үйдүн боорунда кичинекей кутучага окшош радио илинип турчу. Аны өчүргөн эч ким  болгон эмес. Күн-түнү иштечү.  Мына ошол радио кыл кыякта  ойнолгон күүлөрдү жана комуз күүлөрүн берчү. Менин жаткан керебетим эки кабаттуу  болгондуктан, экинчи кабатына жатчумун. Үналгы болсо кулагымдын түбүндө жаңырчу.  Ошол күүлөрдөн аябай эргүү алганмын. Өзүнүн кандайдыр бир касиети бар болчу. Кичине  чоңойгондо ата–энем музыкалык мектепке алып барып, ал жерден  кыл кыяк бөлүмүнө бөлүндүм. Ошондо биринчи жолу бул аспапты көргөм. Негизи, кыл кыякты кармап бат эле өздөштүруп ойноп кетүү абдан кыйын.  Анткени биринчиден, колду көндүрүп, ыгын таап, сырдашып, аспапты өзүңө баш ийдирүү керек. Мага кайрылган адамдар “1 айдын ичинде үйрөнө аламбы” деп суроо беришет. Мен аларга бул аспапты эң алгач түшүнүү керек, — деп айтам. Анан албетте, аспатпы үйрөнүүгө көп убакыт талап кылынат.

-Балдарыңызда  чыгармачылыкка  болгон кызыгуу барбы?

— Мен балдарыма макул же каршымын деп айта албаймын. Эгер тандаса, анда колдоо көрсөтөм. Бул кесип дагы абдан  оор. Башкаларга абдан жеңил көрүнгөнү менен  артында канча опол тоодой эмгек жатарын унутпашыбыз керек.  Эч  убакта үгүттөбөйм. Бирок, кызым ушул чөйрөгө абдан кызыгат. «Ырчы болом» деп көп айтат. Анан музыкалык мектепке бир аз барып окудук. Үйдө болсо ырдайт. Эгер дээринде болсо, кайсыл бир күнү анын таланты жарып чыгат.

Сиз ойногон күүлөр көбүнчө эмне тууралуу?

-Ар бир күү ар кандай. Бири- бирине окшобойт. Эң негизгиси, мен жан дүйнөмө жага  турган чыгармаларды тандайм. Биринчи ал күүнү ойноп көрүп, ичимде жашатып, бышырып, элге тартуулайм.

-“Мезгил закымдары” деген күүңүздүн тарыхы дагы кызыктуу болсо керек?

— Бул чыгарманын  автору — Жолдошбек  Апасов. “Дарак  ыры” кино-дастаны  чыкканга  чейин  эле жаралган болчу. Биринчи  кыяктын өзүн жазганбыз, ортодо Каныкей экөөбүз дагы дуэт ырдайбыз деп, айтор, миң өзгөрдү. Анан айланып келип эле биринчи вариантына  токтолдук. Ошол кезде кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровго угузуп көрүп, ал уккандан кийин эле “Айбек Дайырбеков  жакында  тарыхый  кино тартканы  жатат.  Ошол киного саундтрек кылсаң сонун болчудай, мен сунуштап көрөйүнчү” деген оюн айтып калды.  Айбек мырзага бул чыгарма  жагып, “Дарак ыры” тарыхый киносуна саундтрек болуп калды. Ушул күү менен көп жерге чакыруулар болду. Кыскасы, майлуу-сүттүү чыгармам болду десем  жаңылышпайм.

-Залина  айым, сизге чон рахмат. Буюрса, сизден жаңы күүлөрдү, ырларды күтөбүз.

— “Марал” радиосу,  сиздерге  рахмат. Чакырып  туруңуздар.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM