Биз менен байланышыңыз

Бишкектин экс-мэрлеринин сотунда судьяга дагы ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 523 | 0

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 6-декабрда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча процесс уланды.

Анда коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркановдун жактоочусу Виталий Остриков отурумга төрагалык кылуучу судья Кубанычбек Касымбековго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Жактоочу мындай кадамын судьянын алдын ала сүйлөшүп алган деп шектенгени менен түшүндүрдү.

Өз кезегинде соттогу башка жактоочулар мындай өтүнүчтөрдөн улам процес созулуп кетерин белгилешип, муну колдогон жок.

Сот бул өтүнүчтү четке какты.

Сталбеков сотто Кулматов мэр болур турганда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу эпизоду боюнча айыпталууда.

Тергөөнүн аныктамасы боюнча Кулматов 2014-жылы Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоонун алкагында берген 2 млн доллар каражатты мыйзамсыз пайдаланган.

Copyright © 2017 Maral FM