Биз менен байланышыңыз

Адвокат: Сапар Исаков камалса Авазов, Бримкулов, Назаров акталат

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 743 | 0

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 6-декабрда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловго карата сот иши уланууда.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов айыпталуучулар Авазов, Бримкулов жана Назаров кылмышка тиешеси жоктугун айтты.

Эгер сот Сапар Исаковду айыпуу деп тапса, анда калган үчөө айыбы жок деп автоматтык түрдө таанылышы керек. Алар кылмыштын субъектиси эмес, коррупциялык сүйлөшүүлөргө тиешеси жок болгондуктан, аларды актоо зарыл, — деди жактоочу.

Эске сала кетсек, Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл 18-февралда карала баштаган. Анда 386 миллион доллар каражат максатсыз пайдаланылганы, ал үчүн экс-премьер-министрлер, экс-министрлер, бир катар жооптуу мекемелердин жетекчилери айыпталууда.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM