Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Башкы прокуратурага Артыкбаевдин атынан 100 млн сомду башкалар төлөгөн

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 559 | 0

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян уланды. Судья Ирина Воронцова төрайымдык кылган шаардык сотто айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызы каралды.

Айыпталуучу Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков зыяндын ордун толтуруу максатында Башкы прокуратуранын депозиттик эсебине 100 млн сом Артыкбаев үчүн, башка бир адамдар тарабынан төлөнгөнүн айтты.

Айыпталуучу Артыкбаев өзүнүн күнөөсүн мойнуна албайт. Зыяндын ордун толтуруу үчүн берилген акчаны Артыкбаев эмес, башка адамдар берген. Бул аракет Артыкбаев операция болгондуктан, соттук жараян учурунда анын абалын жеңилдетүү үчүн жасалган, — деди жактоочу.

Ошондой эле адвокат Артыкбаевдин жакын туугандарынын мүлкүн камактан чыгарууну өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM