Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаковдун жактоочулары соттук чечим боюнча жогорку инстанцияга даттанат

Кыска кабар | 7 Дек 2019 | 600 | 0

Свердлов райондук соту тарабынан 15 жылга кесилген мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары кийинки инстанцияга кайрылат. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Замир Жоошев билдирди.

Сот экс-премьерди Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыптуу деп таап, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, 15 жылга кескен.

Соттун чечими менен «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга камоого өкүм кылынды.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилди.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго коюлган «Коррупция» беренеси алмашылып, «шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес» деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилди. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулду.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөй турган болду. Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп таап, 3 млн. сом айыпка жыкты жана абакка кескен жок.

Copyright © 2017 Maral FM