Connect with us

Инвестициянын азайышы саясий абалга байланыштуу

Экономика | 5 Дек 2019 | 1051 | 0

2018-жылга салыштырмалуу региондордо элдин кирешеси кыйла төмөнөдөгөнүн парламент жыйынында депутат Аалы Карашев айтып чыкты. Ал өлкөгө кирип жаткан инвесторлордун саны азайганын, Кыргызстандан сыртка нормадан көп акча чыгарылып жатканына тынчсызданды. Өлкөдөгү саясий кырдаал буга себеп болушу мүмкүнбү? Ишкерлердин жана экономисттердин оюн билип көрүүнү туура көрдүк.

2017-жылдын биринчи жарымында элдин реалдуу кирешеси 23,3%га өссө, 2018-жылдын көрсөткүчү боюнча 16,1%га жогорулаган. Ал эми 2019-жылы 3,3%га гана жогорулаганын көрүүгө болот дейт эл өкүлү Аалы Карашев. Депутат акыркы жылдарда региондордо элдин реалдуу кирешеси кескин төмөндөгөнүн айтып, Кыргызстанга инвесторлор аз кирип, тескерисинче, өлкөдөн акча көрсөткүчтөн көп чыгып кетип жатканына тынчсызданды.

-Сырттан келген инвестициялар региндордо абдан төмөндөп жатат. Бизнестен түшкөн акча сыртка чыгып кетип жатат. Мисалы, Чүй облусун алсак, 178 млн сом сыртка чыгып кеткен. Ал эми кирген сумма болгону 63 млн сомду түзөт. Башкача айтканда, акча 3 эсе көп чыгып жатат. Бир гана Жалал-Абад облусунда жакшы көрсөткүчтүн бар экени байкалат. 2017-жылы жайында өкмөт токтом кабыл алган. Анда региондордогу өнөр жай ээлерине жеңилдиктерди берсекпи дедик эле, тилекке каршы, азыр андай жумуштардын аткарылганын көргөн жокпуз. Жалпы элдин киреше бөлүгү салыштырмалуу абдан эле төмөндөп кетти. Маселен, Баткен облусунда 2,4%га төмөндөсө, Ысык-Көлдө 1,2%, Ошто 3,4%га элдин кирешеси төмөндөп кеткен.

Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанга кошумча 110 млн доллар инвестиция кылат

Ал эми инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин бөлүм башчысы Жалын Жээналиевдин берген маалыматы боюнча 2019-жылы башка жылдарга салыштырмалуу инвесторлордун көрсөткүчү жогору болду. Жалал-Абад облусунда инвесторлордун агымы көп катталган болсо, экинчи орунда Бишкек шаарына көлөмү 159млн доллардын көлөмүндөгү инвестиция келген. Инвестициялардын басымдуу бөлүгү Канададан келгендигин айтат:

-Жалпысынан, инвесторлор бөлгөн каражат 576 млн 837 миң долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул айына салышытырмалуу 67,3%га көп болду. Көбүнчө инвестициялар кайра иштетүүгө багытталган. Башкача айтканда, айыл чарба, профессионалдык-илимий ишмердүүлүккө салынган. Ал эми региондорго бөлүп карай турган болсок, Жалал-Абад облусунун корсөткүчү биринчи орунга чыгып, 40%ды түздү. Көлөмү боюнча айтсам, Жалал-Абадга 231 млн 857миң доллар кирген. Талас, Нарын жана Ош облусуна салыштырмалуу Баткенде инвестициянын көлөмү аз болуп, 3%ды гана пайызды түздү. Тактап айтканда, 2 млн 397 миң доллар акча каражаты кирген. 2018-жылы Кыргызстанга кирген жалпы инвесторлордун каражаты 868 млн долларды түзгөн.

Кыргызстанга инвесторлор кайра иштетүү багытында көп келип, чакан ишканалар үчүн алардын саны аз болуп жатканын жаңыдан түптөлүп жаткан “Сары кыз” брендинин негидөөчүсү Жаркынай Деркембава билдирди. Ишкердин айтымында, инвесторлордун өлкөгө келбей калышы саясий абал менен түздөн-түз байланыштуу. Деркембаеванын жакындары чет өлкөлүк ири инвесторлор менен келишим түзгөн, бирок кайрадан алар менен түзгөн келишимди бузууга туура келип, ага эмне себеп болгонун айтып берди:

-Менин 2 га жерим бар. Ал жакка жалаң өрүк тиккем. Учурда өрүктүн кагын дүйнөгө таанытып, бренд кылууну кыялданып жатам. Мен инвестор менен иштебейм, анткени кичи ишканаларга инвестор табуу кыйын. Бирок менин жакындарым чоң-чоң инвесторлор менен иш жүргүзүшөт. Бирок Кыргызстандын саясий абалы минтип ызы-чуу болуп жатса, туруктуулук болбой жатса, алар качышат. Биз менен келишим түзгөн инвесторлор келишимди бузушту. Мунун терс эле таасири болду. Кыргызстан эч кандай ири бизнес компанияларды коргой албай жатат. Менин партнерлорум бардыгын жыйыштырып, башка мамлекетке кетип жатышат. Анан каяктагы мамлекетке болгон салыктын көлөмү өсөт?

Өлкөдөгү саясий абал, инвесторлордун келишине бөгөт коёбу? Кыргызстандан чоң көлөмдөгү акчанын чыгырылышы, аткезчиликтин туу чокусуна чыкты деген белги дейт экономист Азамат Аттокуров.

-Түз инвестициялар биздин кен казган тармакка гана келип жатат. Анткени ал багытта кайсы жылы канча киреше берет деген пландар коюлган. Ал эми ишканаларга болгон инвесторлор аз. Мамлекеттен аткезчилик жол менен каражаттар чыгырылып жатса, товарлар ошол жол менен кирип жатса, албетте, ишкерлердин иштегиси келбейт. Алардын салыгын көбөйтүп койсо, элдин кирешеси кайдан көбөйөт? Анысы аз келгенсип, саясий абал баарыбыз көрүп тургандай болуп жатат. Көмүскө накталай акча көбөйдү, бирок мамлекеттен көп чыгып жатат.

2018-жылга салышытрмалуу быйыл Кыргызстандын ички дүң өнүмү 3,5%га өскөн. Ал эми чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6%га азайган

 

Copyright © 2017 Maral FM