Биз менен байланышыңыз

Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстанга кошумча 110 млн доллар инвестиция кылат

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 1734 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Бүткүл дүйнөлүк банктын өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсүндөгү жана республикадагы жакырчылыктын кыскарышындагы маанилүү ролун белгилеп, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат. Өлкөнүн тышкы карызы акыркы үч жылда ИДПга карата 64% дан 34%  чейин кыскарган. Эл аралык резервдер болсо, 2014-жылдагы кризистин алдындагы деңгээлден ашып, 2,2 млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу, 110,0 млн долларга көп», — деди Өкмөт башчы.

Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы өлкөлөр боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук аймактарды өнүктүрүү, билим берүү чөйрөсү жана салыктык башкаруулар боюнча даярдалып жаткан бирдиктүү долбоорлор тууралуу айтты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан үчүн бекитилген лимиттеги 110 млн доллар көлөмүндөгү кошумча инвестиция тартуу маселесин да талкуулашты.

Абылгазиев Өкмөт Бүткүл дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө жолдоо үчүн долбоорлорду иштеп бүтүрүүнү тездетүүгө даярдыгын жана Кыргызстан менен Бүткүл дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуу мындан ары дагы жемиштүү болоруна ишеним артаарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM